Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 1
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020– жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү “ Кыргыз Республикасынын 2020 – жылга республикалык бюджети” жөнүндөгү , “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы – экономикалык негиздери” жөнүндөгү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан бекитилген Салык Кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жеткирилген контролдук цифранын негизинде айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясында каралды.
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,
Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги
XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюна 9670,2 миӊ сом суммасында жана чыгашалар боюнча 9670,2 миӊ сом суммасында №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизи көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
2021-жылга 9795,4 миӊ сом суммасында
2022-жылга 9965,9 миӊ сом суммасында.
3. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3 тиркемеге ылайык салык жана салык эмес толомдору ,трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин ичинен 94,7 миӊ сом суммасында резервдик фонд болуп бекитилсин.
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер(эмгек акы,соц фонддуна чегерүүлөр,тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча(электроэнергия,комур,телефон байланышы ж.б) жүргүзүлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген электроэнергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу,ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.
8. 10.Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин ичинен 3111 беренесине 400,0 миӊ сом каралып айыл өкмөтүнүн 2020-жылга өткөн проектилердин өздүк салымдары үчүн жумшалсын.
11. Тогуз-Торо айыл аймагынын калкынын саны 5031 адамга жеткендигине байланыштуу айыл окмотунун штаттык бирдигине 2штат кошумча киргизилип,эки адистин эмгек акы жана социалдык фондуга төлөмү үчүн керектелүүчү 519,5 миӊ сомду айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетине кошумча акча каражатын карап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
12. Чыгашаларды кварталдарга бөлүштүрүүдө биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы,соц фонддуна чегерүүлөр,тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча(электроэнергия,көмүр,телефон байланышы ж.б) болүштүрүлгөндөн кийин калган турак жай чарбалык чыгымдарга керектөөлөр жасала турган жумуштун убактысына жараша бөлүштүрүлсүн.
13. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Сапарбековго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин төрагасы | Р.Ө. Ажыбаев |
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл окмотунун2020-жылга жергиликтуу бюджети жана | |||
2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө Тогуз-Торо айылдык Кенешинин | |||
( XXI шайланышынын) кезектеги XXIV сессиясынын № 1 токтомунун | |||
№ 1 тиркемеси | |||
Тогуз-Торо айыл окмотунун 2020-ЖЫЛГА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТИ |
| ||
(мин. сом) | |||
| Бюджеттик классификация | 2020-ж. | |
| Кирешелердин аталышы | 9 670,2 | |
1 | Кирешелер | 2 957,1 | |
11 | Салыктык кирешелер | 2 359,0 | |
111 | Кирешеге жана пайдага салык |
| |
13311 | Жергиликтүү бюджеттерге гранттар | 6713,1 | |
13311200 | Теңөөчү гранттар | 6713,1 | |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 598,1 | |
14232400 | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы |
| |
14239400 | Дагы башка түшүүлөр | 598,1 | |
|
| 2020-ж. | |
2 | Чыгашалар | 9670,2 | |
|
|
| |
701 | Айыл өкмөттүн аппараты | 6030,6 | |
| бюджет | 5830,6 | |
| атайын каражат | 200,0 | |
704 | Экономикалык маселелер | 107,0 | |
| бюджет | 107,0 | |
| атайын каражат |
| |
708 | Эс алуу, маданият жана дин | 1140,3 | |
| бюджет | 1140,3 | |
| атайын каражат |
| |
709 | Билим берүү | 2392,3 | |
| бюджет | 2392,3 | |
| атайын каражат |
| |
Тогуз-Торо айыл окмотунун башчысы | У.Кочорбаев | ||