Редакцияот 29.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 С.Атабеков айылдык кенешинин отуз биринчи сессиясы

 

2019-жылдын 29-октябры № 29

 Көчөгө наам берүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнө караштуу Балта -Казы айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде айылдын белгилүү инсандарынын бири Икрамов Насирдин жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.    Балта-Казы айылынын көчөсүнө айылдын кадырлуу инсандарынын бири бир нече жылдар колхоздо үзүрлүү эмгектенген инсан Икрамов

Насирдиндин наамы берилсин.

 

Төрага

А.Калмурзаев