Редакцияот 25.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы

 

2020-жылдын 25-ноябры № 248

 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Сманованын 06.11.2020-жылдагы №415 сандуу катынын негизинде каралган Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 06.11.2020-жылдагы №5 протоколун кароо жөнүндө.

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкулов маалыматын угуп талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Токогул райондук мамлекеттик администрациясынын чек араларды тактоо боюнча райондук комиссиясынын 28.08.2020-жылдын №4 протоколдук чечими менен Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө караштуу Сандыкол жайлоосундагы Кочкор-Дөбө, Жоруя жайыттарын Жазы-Кечүү айыл өкмөтүнө пайдаланууга берилгендиги эске алынсын.

2.    2020-жылдын 11-декабрына чейин Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө караштуу Сандыкол жайлоосундагы Кочкор-Дөбө, Жоруя жайыттарын Жазы-Кечүү айыл өкмөтүнө пайдаланууга берилген Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чек араларды тактоо боюнча райондук комиссиясынын 28.08.2020-жылдын №4 протоколдук чечимин кайрадан жокко чыгартып, КРнын жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорло институнан Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жер экендигин тастыктаган корутунду алып келүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.

4.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

К.Байсопуев