Редакцияот 25.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы

 

2020-жылдын 25-ноябры № 251

 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты”  муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевдин сунушун кароо жөнүндө.

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаев сунушун угуп талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевдин сунушу эске алынсын.

2.    Кызыл-Өзгөрүш айылынын борбордук көчөлөрүнө таза суу чыгарып иштеген эки жумушчу адамга жети айга 140,0миӊ сом акча каражатты айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасына алынып келинген, айыл өкмөттүн балансасында турган комбайндын айдоочусунун айлык акысы, комбайындын чыгашасынан сырткары тапкан кириешесинин 10% айлык акысына берилсин.

4.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасында айыл ичиндеги таштандыларды чогултуп, тазалыкта иштеген 3адамдын айылык акысы 10,0миӊден 30,0миӊ сом бир айга төлөнүп берилсин

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.

6.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

7.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Байсопуев