Редакцияот 25.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы

 

2020-жылдын 25-ноябры № 252

 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевдин  сунушун кароо жөнүндө.

 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевдин сунушун угуп талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевдин сунушу эске алынсын.

2.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө атайын эсептен 2019-жылы К.Чодошев атындагы орто мектептин ашканасын оӊдоого деп каралган 350,0миӊ сомдун багыты өзгөртүлүп, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасына лизинг катары алына турган айыл чарба техникасы трактордун өздүк салымына которулуп берилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.

4.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

К.Байсопуев