Редакцияот 25.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы

 

2020-жылдын 25-ноябры № 256

 Кызыл-Өзгөрүш айыл тургуну Чакиев Сейдиге  “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын  берүү жөнүндө.

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттарынын сунушу эске алып,

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл тургуну, айылдын аксакалы, билим берүү тармагында үзүрлүү эмгеги үчүн Чакиев Сейдиге “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамы берилсин.

2.    “Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

3.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Байсопуев