Редакцияот 25.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

2020-жылдын 25-ноябры № 257

 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Шайык айылына медресе мечит курууга Жүзүев Максатбек Аскаровичтин жеке менчигиндеги 0,30га жер аянтты муниципалдык менчикке алуу жөнүндө.

Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясынын сунушун угуп талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Шайык айылына медресе мечит курууга Жүзүев Максатбек Аскаровичтин жеке менчигиндеги код 3-07-09-1011-0285 0,30 га жер аянтты муниципалдык менчикке алынсын.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

3.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Байсопуев