Редакцияот 25.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы

 

2020-жылдын 25-ноябры № 258

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылындагы С.Чекиров атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу, Аӊ-Арык айылындагы муниципалдык жер аянтка күрөш залын курууга жер аянттын бөлүп жөнүндө.

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкулов маалыматын угуп талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловдун сунушу эске алынсын.

2.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылындагы С.Чекиров атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтына кичи футбол аянтчасын курууга 0,11га жер аянты, Аӊ-Арык айылындагы муниципалдык жер аянтка күрөш залын курууга 0,15га жер аянтты берилсин.

3.    Муниципалдык жер аянтын бөлүп, жер мыйзамдарына ылайык муниципалдык жерге баардык тиешелүү иш кагаздарын даярдап, аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Г.Смановага милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.

5.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Байсопуев