Редакцияот 01.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы

 

2020-жылдын 1-июлу № 228

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаеванын 2020-жылдын алты айында Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө аткарган иштеринин маалыматты жөнүндө.

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды эске алып

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин 28.01.2020-жылдагы №197 токтомунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаеванын 2020-жылдын алты айында Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө аткарган иштеринин маалыматты боюнча айтылган сын-пикирлер эске алынып, алымча кошумчасы менен жактырылсын.Айтылган сунуштардын аткарылышы боюнча 9 айдын жыйынтыгында маалымат берилсин.

2.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адистери (айыл башчылар) Э.Мураталиев, Б.Сасыкулов, А.Жээнбаевдердин 2020-жылдын алты айында аткарган иштеринин маалыматтын угуп, айыл тургундарынын сунушун эске алуу менен 15 күндүк мөөнөт ичинде кызмат абалдарын кароо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.

3.    Бул токтомду аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.

4.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Байсопуев