Редакцияот 01.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы

 

2020-жылдын 1-июлу № 230

 Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынынЖазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин Байкоочу кеӊештин жаӊы курамына  Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнөн өкүл шайлоо жөнүндө.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө” жобосунун 6-беренесине ылайык

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 токтому менен бекитилген “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө”Жобосунун 6-беренесине ылайык атайын эсептин Байкоочу кеӊешинин бекитилген мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 01.06.2020-жылдагы №891 катынын негизинде Байкоочу кеӊештин жаӊы курамына Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнөн өкүлүнө айылдык кеӊештин 12 депутатынын добушу менен Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан “Мол Булак” финансы компаниясынын адиси Кубат уулу Эрмек шайлансын .

2.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

3.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Байсопуев