Редакцияот 01.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы

 

2020-жылдын 1-июлу № 232

Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын маркум Иманалиев Элмирбек Калиловичтин ысымын Үч-Терек, Кызыл- Өзгөрүш жолуна ысымын берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын маркум Иманалиев Элмирбек Калиловичтин ысымын Үч-Терек, Кызыл-Өзгөрүш жолуна ысымын берүү жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутатты Ж.Ысырайыловдун сунушун талкуулап

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин депутатты Ж.Ысырайыловдун сунушунун негизинде Токтогул районуна караштуу Үч-Терек, Кызыл- Өзгөрүш айылдарынын ортосундагы жолго Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын маркум Иманалиев Элмирбек Калиловичтин ысымы берилсин.

2.    Бул токтомду аткаруу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.

3.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Байсопуев