Редакцияот 05.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII – чакырылышынын кезектүү XXVI-сессиясы

 

2020-жылдын 5-июну № 26-3

“Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-2022-2023жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу долбоору жөнүндө”

 Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-2022-2023-жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу долбоорунун түзүлүшү жөнүндө Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн башкы салыкчы А.Мааметовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаны-Жол айылдык кенешинин VII -чакырылышынын XXVI– сессиясы токтом кылат:

 

1.    Жаны-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-2022-2023-жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу долбоорунун тузүлүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Киреше бөлүгүнүн түзүлгөн долбоору боюнча иш алып баруу жагы Жаны-Жол айыл өмөтүнүн салык кызматкери Маметов Арзыкулга милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомду козомолго алуу жагы айылдык кенештин бюджет комиссиясынын торагасы А.Карашовго жуктолсун.

 

Жаңы-Жол айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.Калпаков