Редакцияот 24.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын  кезексиз XXVII-сессиясы

 

2020-жылдын 24-июлу № 27-4

 “Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу орто мектептерди 2020-2021 жылдарга карата көмүр менен камсыз кылуу үчүн республикадан келе турган трансфертти өз максатында жумшоо жөнүндө”

 Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаны-Жол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХХVIII-сессиясы

токтом кылат:

1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке келе турган 852,0(сегиз жуз элүү эки миң) сом акча каражаты мектептерге көмүр алуу үчун жумшалсын.

2 .Жогорудагы акча каражатын мыйзамдуу жана максаттуу чыгымдоо жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.

4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет

 

Жаңы-Жол айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

Н.Калпаков