Редакцияот 16.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жыл 16-ноябры № 13/3

Ала-Бука айыл аймагына караштуу жаңы конуштарга электр трансформаторлорун орнотуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

Ала-Бука айылынын айыл башчысы Б.Орозбаевдин кышка карата жаңы конуштарга электр трансформаторлорун сатып алып, орнотуу боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап, жергиликтүү жашоочулардын кайрылууларын эске алып, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

токтом кылат:

1.    Айыл аймагына караштуу жаңы конуштарга электр трансформаторлорун сатып алып, орнотуу үчүн 3111-беренесинен 2000,0 миң (эки миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин;

2.    Ажыратылган акча каражаты менен камсыз кылуу ФЭБ башчысы А.Назаралиевге милдеттендирилсин;

3.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына  жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына  милдеттендирилсин;

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Максымбековго жана өндүрүш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  А.Рысматовго жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.