Редакцияот 16.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 16-ноябры № 13/4

 “Ж.Бөкөнбаев” атындагы орто метебине курулуучу кичи футбол аянтчага акча каражатын бөлүү жөнүндө

Ала-Бука айыл өкмөтүнүн курулуш боюнча адиси Ш.Азимбаевдин Достук айылына караштуу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

токтом кылат:

1.    Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине курулуучу кичи футбол аянтчага 3111-беренесинен 5000,0 миң (беш миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин;

2.    Ажыратылган акча каражаты менен камсыз кылуу ФЭБ башчысы А.Назаралиевге жана курулуштун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүү жагы курулуш адиси Ш.Азимбаевге милдеттендирилсин;

3.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Максымбековго жана өндүрүш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Рысматовго жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.