Редакцияот 16.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 16-ноябры № 13/6

Ала-Бука айылынын М.Эшенкулов көчөсүнө суу түтүктөрүн орнотуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

“Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Кулчинов М.Эшенкулов көчөсүнө суу түтүктөрүн орнотууда, сууну пайдалануу нормасы тартипке келээри боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

токтом кылат:

1.    М.Эшенкулов көчөсүнө суу түтүктөрүн орнотуу үчүн 2512-беренесинен 41424 сом (кырк бир миң төрт жүз жыйырма төрт ) сом акча каражаты ажыратылып берилсин;

2.    Ажыратылган акча каражаты менен камсыз кылуу ФЭБ башчысы А.Назаралиевге милдеттендирилсин;

3.    Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Максымбековго жана өндүрүш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Рысматовго жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.