Редакцияот 22.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2020-жылдын 22-апрели № 1

 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн комиссиясы тарабынан бөлүнгөн акчакаражаттарын пайдалануу жөнүндө”

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен Сузак районуна бөлүнгөн акча каражатын азык-түлүкө муктаж болгон үй-бүлөлөргө бөлүштүрүү комиссиясынын 22-апрель 2020-жылдагы актысынын жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 20.04.2020-жылдагы № 94-б. буйругунун , Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировдун 21.04.2020-жылдагы № 01-20/146 сандуу катынын жана Курманбек айылдык кеңешинин бюджет комитетинин туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

ТОКТОМ:

1.    Сузак райондук комиссия тарабынан бөлүнгөн акча каражаты турмушу оор кырдаалда турган “Гуманитардык жардамды даректүү бөлүштүрүү” боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан бөлүштүрүлсүн жана 800 сомдон турган , бир азык-түлүк топтомун (продуктовый набор) түзүү жагы комиссияга сунушталсын.

2.    Сузак райондук комиссия тарабынан бөлүнгөн 102,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын эсептеги 70111 башкаруу бөлүмүнүн 2218-статьясына жумшалсын жана тактама –билдирүү жазылсын.

3.    Мамлекеттен келген акча каражатын таркатууда ар бир айылдын депутаттары комиссия курамына кошулсун жана турмуштун оор кырдаалында турган 1227 tunduk.kg тармагына кирген үй-бүлөлөргө таркатылсын .

4.    Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жагы түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Курманбек айыл өкмөтүнүн бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловго жүктөлсүн.

 

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Ч.Тайгараев