Редакцияот 15.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

 

2020-жылдын 15-сентябры № 1

“Электр мамычаларын РЭСтинбалансына өткөрүү жөнүндө”

Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы,айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Эрматованын сунушун айылдык кеңештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

ТОКТОМ:

1.    Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен алынган 2344235,04 сом суммадагы 304 даана электр мамычалары жана 129939,40 сомдук 1 даана трансформатор Жалал-Абад электронун балансына өткөрүлүп берилсин.

2.    Электр мамычаларын өткөрүү үчүн электро кызматкерлери менен биргеликте комиссия курамы түзүлсүн.

3.    Электр чубалгыларын көчөлөргө коюп берүү жага Жалал-Абад электрого жүктөлсүн.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировго жүктөлсүн.

 

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Ч.Тайгараев