Редакцияот 20.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Көк-Арт айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы

 

2020-жылдын 20-октябры № 2

Көк-Арт айыл өкмөтүнүнаймагындагы аты жок көчөлөргө ат кою жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,Жерге-Тал айылынын тургуну Кулаев Рустамдан түшкөн арызынын негизинде, Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин отурумунун токтомун эске алып,угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.    Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылындагы А.Курманбеков көчөсүнөн баштап , Кулаев Рустамдын үйүнө чейин, андан кийин Б.Ормонов көчөсүнүн кесилишинен өтүп А.Темиров көчөсүнө чейин Кулаев Тураттын аты көчөгө коюлсун.

2.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы

С.Жуманазаров