Редакцияот 20.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Көк-Арт айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы

 

2020-жылдын 20-октябры №3

Көк-Арт айыл өкмөтүнүнаймагындагы аты жок көчөлөргө ат кою жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жерге-Тал  айылынын тургуну Болотбеков Муктарбектен түшкөн арызынын негизинде, Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин отурумунун токтомун эске алып,угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги  20-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.    Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал  айылындагы, Жерге-Тал - Сары-Булак жолунан баштап , К.Кыдыралиев  көчөсүнө катарлаш жайгашкан көчөгө Болотбеков Келишбектин  аты  коюлсун.

2.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн  www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине  киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы

С.Жуманазаров