Редакцияот 20.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Көк-Арт айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы

 

2020-жылдын 20-октябры №4

Көк-Арт айыл өкмөтүнүнаймагындагы аты жок көчөлөргө ат кою жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жалгыз-Жаңгак  айылынын тургуну Жолдошев Маматкалыктан түшкөн арызынын  негизинде, Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарынын Укук жана мыйзамдуулук комитетинин  отурумунун  токтомун  эске алып,угуп жана талкуулап

Көк-Арт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги  20-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.    Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак  айылындагы, “Жалал-Абад-Балыкчы” автожолунун боюнда жайгашкан  Ташимбетов Кыялдын үйүнөн баштап, Т.Чекиров, К.Нуркулов,А Шооруков көчөлөрүнүн тең ортосундагы кесилишине  Жолдошбаев Эргештин аты  көчөгө коюлсун.

2.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине  киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы

С.Жуманазаров