Редакцияот 20.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы

 

2020-жылдын 20-марты № 2

 Көк-Арт айыл өкмөтүнүнө санитардык –эпидемиологиялык блок-пост кою жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык ,Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Кулматовдун 2020-жылы коронавирус илдетин айыл аймакка жайылышын болтурбоо алдын ала иштери боюнча Жалгыз-Жаңгак айылына,Жалал-Абад-Балыкчы автожолуна санитардык өткөрүү посттун жайгаштыруу сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кезексиз 17 сессиясы токтом кылыт:

 

1.    Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айыл этегине Жалал-Абад-Балыкчы автожолуна мыйзам чегинде 3(үч) айыл өкмөттөрү менен биргеликте

2.    “Көк-Арт”,”Курманбек”,”Кара-Алма”санитардык-эпидемиологиялык өткөрмө посту өзгөчө кырдаалга карап,белгиленген күнгө чейин коюлсун.

3.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы

С.Жуманазаров