Редакцияот 20.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы

 

2020-жылдын 20-марты № 3

 Жалгыз-Жаңгак айылындагы эски бала-бакчанын ордун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн балансына  алуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык , Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жалгыз айылындагы эски бала-бакчанын ордун,айыл өкмөттүн балансына алуу боюнча , курулуш жана инвестиция тартуу боюнча адиси К.Рысовдун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кесексиз 17 сессиясы токтом кылат:

 

1.    Жалгыз-Жаңгак айылындагы эски бала-бакчанын орду Көк-Арт айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.

2.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтынажарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы

С.Жуманазаров