Редакцияот 16.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Көк-Арт айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы

 

2020-жылдын 16-июну № 4

Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын тургунунун арызы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынына ылайык, Көк-Арт айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук коргоо туруктууу комиссиясына жолдонгон 13.02.2020-жылдагы кириш № 6 Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Исмаилов Ильяздын арызынын негизинде, жогорудагы комитеттин төрагасы Д.Шамшитдиновдун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышындагы кезектеги XIX-сессиясы токтом кылат:

 

1.    2019-жылдын 28-ноябрындагы кезексиз 15-сессиясынын № 2 токтомунун 1-пунктуна алымча-кошумча өзгөртүү киргизилсин.

2.    Эшенкулов Ысмайыл атындагы көчөгө,көчөнүн башталышы Султанов Т көчөсүндөгү Исмаилов Медербектин үйүнөн башталып,Атакулов Алманбеттин үйүнөн батыш тарапты көздөй бурулуп,Бөрүев Абдрамандын үйү кошо,Жумабаев Бөрү атындагы көчө менен кесилишет деп өзгөртүү киргизилсин.

3.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.    Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы

С.Жуманазаров