Редакцияот 02.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы

2019-жылдын 2-октябры № 120

Айыл аймагында эпизотологиялык абалды жакшыртуу багытында ветинспектордун аткарып жаткан иштери жөнүндө

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсүкөңүлгө алынсын.

2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн вет инспектору А.Маматкуловдун аткарып жаткан иштери канааттандырылсын деп табылсын. (билдирүү тиркелет)

 

Төрага

А. Саматов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Суу ветеринардык сервисинин 2019-жылдын алты айлыгындагы аткарган жумуштары боюнча маалымат.

1.Ири мүйүздүү малдар боюнча:

-Бруцеллёз ылаңыны алдын алуу жана аныктоо үчүн ири мүйүздүү малдар  дан анализ (кан) алуу алты айлык планда 2400 баштан алуу  керек, аткарылга ны 1237 баштан анализ алынды.

- Шарп (аксыл) ылаңынын алдын алуу боюнча алты айлык планда 4500 баш ири мүйуздүү мал эмдөөдөн өтүү  керек, аткарылышы 4500 баш.

-ири мүйүздүү малдарды (музоолорду) идентификациядан өткөрүү(биркалоо) 200 баш ири мүйүздүү малдар идентификациядан өткөрүлдү.

-Карасан ылаңыны алдын алуу боюнча алты айлык планда 1500 баш эмдөө дөн өтүү керек, аткарылышы 1600 баш.

2. Майда мүйүздүү малдар боюнча:

-Күл ыланына каршы эмдөө алты айлык планда 3400 баш, эмдөодөн  өтконү  3300 баш.

3. Иттер боюнча:

- Кутурма ыланына каршы эмдөө алты айлык планда 300 баш, аткарылышы 357 баш.

-Эхинококкоз (ич-курттарга) га каршы алдын ала дарылоо планда 800 баш, аткарылышы 714 баш.

-жолбун иттерди атуу 120 башка аткарылды.

Вет.инспектор: А.Маматкулов.