Редакцияот 02.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы

 

2019-жылдын 2-октябры № 124

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Салык инспекторлорунун аткарып жаткан иштери жөнүндө

 

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салыктар жана ыктыярдуу патенттердин 2019-жылдын 6 айлык аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору К.Халмуратовдун билдирүүсүнүн угуп, депутаттардын Ак-Суу айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Улуу салык инспектору К.Халмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын

2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспекторлорунун 2019-жылында 6 айлык план боюнча аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.(билдирүү тиркелет)

3. Бул чечимдин аткарылышын камсыздоо КЭБнүн башчысы Х.Кушбаковго, көзөмөлдөө өкмөт башчы А.Халмуратовго тапшырылсын

 

Төрага

А. Саматов

Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы: А.Саматовко

Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы: А.Халмуратовко

Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн улуу салык инсректору

К.Халмуратовдон

Билдируу

Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү салыктар жана ыктыярдуу патенттердин 2019-

жылдын 6 айлык аткарылышы боюнча маалымат:

Салыктын түрлөрү

ПЛАН

ФАКТ

айырма

аткарылышы %

1112220

Ыктыярдуу патетнт

82600

106820

24220

129

1131120

2-группадагы мүлк салыгы

6322

6600

278

104

1131220

4-группадагы мүлк салыгы(траспорт)

128015

130651

2636

102

1132110

Тамарка салыгы

73334

74200

866

101

1132120

Айыл-чарба жер салыгы(үлүш)

83569

86452

2883

103

1132130

Айыл-чарбасына арналбаган жер салыгы

6939

17859

10920

257

1415260

КБФ жерлеринен ижара акы (аренда плата)

469290

470349

1059

100

1421120

Турак жай эмес жайлар үчүн ижара акы

36000

36720

720

102

Всего :

886069

929651

43582

105

Улуу салык инспектору

К.Халмуратов