Редакцияот 12.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы

 

2020-жылдын 12-февралы №142

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн социалдык өнүктүрүү  программасын 2019-2020-жылдарга аткарылышы жана планын бекитүү жөнүндө

 

Ак-Суу айылдык Кеңешинин сессиясы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга социалдык экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана 2020-жылга бекитүү планы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл Окмотунун 2019-жылдагы социалдык экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы канааттандырарлык экендиги белгиленсин.

2. 2020-жылдарга «Социалдык экономикалык өнүктүрүү программасы» кошумча өзгөртүүлөр менен бекитилсин.

3. Жогорудагы прогамманын негизинде иш алып баруу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовко жана тиешелүү адистерге жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Саматов