Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-майы №16
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы №247-р тескемеси менен жактылган операциялык №45-160 номерлүү макулдашуусу жана жобосуна, Баткен шаарынын мэриясы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2016-жылдын 8-июндагы №106 түзүлгөн долбоорго (Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо) колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашууну, ошондой эле «Таза Суу» МИ менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн Долбоордук макулдашууну ишке ашыруу максатында Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Тѳрага | А. Ташбеков |
|
|
| Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын 2018-жылдын 11-майындагы № 16 токтомуна №1 тиркеме |
Суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүгө акы төлөө үчүн Баткен шаарынын бюджетинен жарандарга субсидияларды берүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүгө акы төлөө үчүн Баткен шаарынын бюджетинен субсидияларды (мындан ары – субсидиялар) суу менен камсыз кылуу жана (же) саркынды сууларды чыгаруу тутумдары менен жабдылган үйлөрдө, Баткен шаарынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле бул Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган болсо, чет өлкөлүк жарандарга берүүнүн тартибин аныктайт.
1.2. Субсидиялар, эгер үй-бүлөнүн суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу үчүн кызматтарды көрсөтүүгө акы төлөөгө кеткен, суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу үчүн кызматтарды көрсөтүүгө коюлган тарифтерге жана аларды колдонуунун ченемдерине ылайык эсептелген чыгымдары үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешесинде Баткен шаардык кеңешинин чечими менен белгиленген суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу үчүн кызматтарды көрсөтүүгө акы төлөөгө кеткен чыгымдарынын эң жогорку жол берилген үлүшүнөн тиешелүү түрдөгү өлчөмдөн ашып кеткен учурда жарандарга жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет.
1.3. Туракжайларды, анын ичинде мамлекеттик, муниципалдык же жеке турак-жай фондундагы турак жайларды пайдалануучулар, жана турак жайлардын (батирлердин, турак үйлөрдүн, батирдин же турак үйдүн бөлүгүнүн) менчик ээлери субсидияларды алуу укугуна ээ.
1.4. Субсидиялар жарандарга суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу үчүн кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой башка турак-жай-коммуналдык кызматтарын көрсөтүүгө акы төлөө боюнча карызы жок болсо жана аны тындыруу боюнча жарандар тарабынан макулдашуулар түзүлгөн жана (же) ал аткарылган учурда берилет.
1.5. Субсидияларды берүү жөнүндө чечим Баткен шаарынын Мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармасы (мындан ары - ыйгарым укуктуу бөлүм) тарабынан кабыл алынат.