Редакцияот 15.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаувай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2014-жылдын 15-январы №5/1

Чаувай айылдык Кеңешинин 2014-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

Чаувай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдын 1-январына калган акча каражаттын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы –башкы эсепчи А. Бакировтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1- январына калган акча каражатын № 1 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.

2. Атайын каражаттардан 2014-жылдын 1-январына калган акча каражатын №2 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.

3. Экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчи А. Бакиров бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

У. Хаджимуратов