Редакцияот 08.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаувай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2014-жылдын 08-апрели №7/1

Чаувай айылдык кеңешинин 2014-жылдын бюджетине атайын каражаттардын киреше жана чыгаша пландарын көбөйтүү жана толуктоолор  киргизүү жөнүндө

 

Чаувай айылдык аймагынын 2014-жылга каралган атайын каражаттардан түшүүчү кирешелер бөлүгүнүн жана чыгашалар бөлүгүнүн планын 2014-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү Чаувай айыл аймагынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Чаувай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Чаувай айылдык аймагынын 2014-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын планын 204,0 мин сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык көбөйтүлсүн.

2.    Түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл аймагынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчиге милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

У. Хаджимуратов