Редакцияот 08.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаувай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2014-жылдын 08-апрели №7/2

«Чаувай Кен» ЖЧКсына ижарага жер аянтын берүү жөнүндө

 

Чаувай айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз жетинчи сессиясы күн тартибиндеги 3-маселе «Чаувай-Кен» жоопкерчилиги чектелген Коомунун башкы директору О.К.Ботобаевдин 2014-жылдын 14-февралындагы № 4 сандуу сураныч каты жана айыл аймагынын алдындагы жер комиссиясынын 2014-жылдын 4-апрелиндеги ижарага жер берүү боюнча конкурстун №3 протоколун депутаттар толугу менен талкуулап ,төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Чаувай айылдык кеңешинин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен «Чаувай-Кен» жоопкерчилиги чектелген Коомуна катта көрсөтүлгөн мурдагы 27-штольнянын ордунан жардыруучу заттар кампасы үчүн 0,20 га мурдагы автогараждын ордунан АБК үчүн 0,30 га , мунай зат кампасы үчүн 0,05 га жана автогараж үчүн 0,25 га жер аянттары Чаувай айыл аймагынын алдындагы жер комиссиясынын 2014-жылдын 4-апрелиндеги конкурстун №3 протоколунун негизинде 7 (жети) жылдык мөөнөткө ижаралык шартта пайдаланууга берилсин.

2.      Ижара акысы жылына 12,000(он эки мин) сомдон бекитилсин.

3.      Ижара акысы жылына инфляциянын өзгөрүшү менен кайра каралып турсун.

 

Тѳрага

У. Хаджимуратов