Редакцияот 25.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чаувай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2014-жылдын 25-июлу №9/1

Чаувай айылдык кеңешинин 2014-жылдын бюджетине киреше жана чыгаша пландарын көбөйтүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

Чаувай айылдык аймагынын 2014-жылга каралган түшүүчү кирешелер бөлүгүнүн жана чыгашалар бөлүгүнүн планын 2014-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор жөнүндөгү Чаувай айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Чаувай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Чаувай айылдык аймагынын 2014-жылдагы бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын планын №1 тиркемеге ылайык көбөйтүлсүн.

2.      Тушкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл аймагынын финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчиге милдеттендирилсин.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

У. Хаджимуратов