Редакцияот 11.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2016-жылдын 11-августу №22/4

«ДАН-2016» өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча айылдык аймагында дан эгиндеринин оруп–жыюу иштеринин жүрүшү жөнүндө

 

Бирлик айыл аймагында «Дан-2016» өнөктүгүнүн алкагында дан эгиндеринин оруп-жыюу иштеринин жүрүшү жөнүндөгү маселени карап, талкуулап, сын-сунуштардын негизиндеБирлик айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирлик айыл аймагында дан эгиндеринин оруп-жыюу боюнча жүргүзүп жаткан иштери көңүлгө алынсын.

2. Дан эгиндерин коромжусуз, агротехникалык мөөнөттө сапатттуу жыйнап алуу боюнча иш алып барылсын.

3. Дан эгиндерин оруп-жыюуда айыл чарба техникаларынын екызмат акысы үчүн бирдей нарк коюлушун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык Кеңешинин агрардык маселеле боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

К. Шакиров