Редакцияот 21.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIX заседаниеси

 

2016-жылдын 21-апрели № 29/4

Жошолу айыл өкмөтүнүн алдында административдик укук бузууга каршы аракеттенүү боюнча комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы № 01-24/75 типтүү жобонун негизинде айыл өкмөттүн алдында административдик укук бузууга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын курамын түзүү боюнча жайыт комитетинин төрагасы З.Бороновдун билдирүусүн угуп жана талкуулап  Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIX заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы № 01-24/75 типтүү жобонун негизинде айыл өкмөттүн алдында административдик укук бузууга каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн:

1. Султаналиев Абдырахман - комиссиянын төрагасы, аксакалдар сотунун төрагасы

2. Боронов Замир -орун басары,жайыт комитетинин төрагасы

3. Жусубалиева Айчүрөк -катчысы,Миязды китепканасынын башчысы

МҮЧӨЛӨРҮ:

4. Ыдырысов Урмат –участкалык инспектор

5. Бакиров Жакып - а/кеңештин депутаты (макулдашуу менен)

6. Топчубаев Мурат -а/ө жер адиси

7. Шамшиев Маматкабыл- а/кеңештин депутаты (макулдашуу менен)

8. Адишов Болот –Жаңы-Турмуш айылынын айыл башчысы

9. Турганбаев Шарип- Аюу-Тапан айылынын айыл башчысы

10. Эрмаматов Нурбек –Коммунизм айылынын айыл башчысы

11. Жолдошев Эркинбек –Ленин-Жол айылынын айыл башчысы

2. Түзүлгөн комиссия курамы Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы укук бузууга каршы аракеттенүү боюнча № 01-24/75 типтүу жобонун негизинде иш жүргүзүшсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Иманахунов