Редакцияот 20.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2018-жылдын 20-апрели №7/2

Сары-Булак айыл Өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылынын Ак-колот участкасындагы жер көчкү жүргөн жердин айылга жакын жеринен 2 га жер аянтын тосуу жөнүндөгү элдик жыйынынын сунушун кароо жөнүндө

 

Сары-Булак айылдык кенешинин кезексиз чакырылган (6 шайланган) №7-сессиясынын жыйналышында каралган Сары-Булак Өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылынын элдик жыйынынын сунушун талкуулап Сары- Булак айылдык кенешинин кезексиз чакырылган (6-шайланган) №7-сессиясынын жыйналышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Сары-Булак айыл Өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылынын Ак-колот участкасындагы жер көчкү жүргөн жердин айылга жакын жеринен 2 га жер аянтын тосуу боюнча Сары-Булак айылынын элдик жыйынынын сунушу жактырылсын.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Ж. Акматалиев