Редакцияот 20.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2018-жылдын 20-апрели №7-5

Сары-Булак айылдык аймагында жайгашкан шайлоо участокторундагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

 

Шайлоо комиссияларынын курамын түзүүнүн жана алар менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү жобого ылайык Сары-Булак айылдык аймагында жайгашкан №50-20-Кылоожун, №54-67-Сары-К үнгөй, №50-21-Ажике, №55-38-Тегерек-Саз, №50-35-Ак-пор Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына сунуш кылынган талапкерлердин иш кагаздары менен таанышып жана талкуулап көрүп Сары-Булак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айылдык аймагында жайгашкан №50-20-Кылоожун, №54-67-Сары-Күнгөй, №50-21-Ажике, №55-38-Тегерек-Саз, №50-35-Ак-пор Шайлоо участокторуна шайланган Участкалык шайлоо комиссияларынын курамдары бекитилсин.

2. Сары-Булак айылдык аймагында жайгашкан шайлоо участокторунун участкалык шайлоо комиссияларынын курамдары боюнча сунуш Кара-Кулжа райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

Тѳрага

Ж. Акматалиев