ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын I сессиясы
2012-жылдын 27-декабры №1
Жаңыжер айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Жаңыжер айылдык кеңешинин депутаттары Лейлек районунун аймактык шайлоо комиссисынын төрагасы Саттаров Кочкорбайдын билдирүүсүн угуп, Жаңы Жер айылдык кеңешинин төрагалыгына сунушталган кандидаттарына жашыруун түрдө добуш берүү аркылуу шайлоону өткөзүп, ошондой эле Жаңы Жер айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган кандидатураларга ачык добуш берүү менен шайлап, Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңыжер айылдык кеңешинин төрагасы болуп Эгембердиев Саатбек Искендерович бекитилсин.
2. Жаңы Жер айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Турдибоев Сарварбой Бустонович бекитилсин.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|