Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрели №11-2
Булстратегия “2017-2022-жылдарга Кенеш айыл аймагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын”, туруктуу өнүгүүнүн 2017-2022-жылдарга Улуттук стратегиясынын, КР ЖК бекитилген КРнын туруктуу өнүгүүгө өтүү Планы жана Программаларынын, КР Өкмөтү тарабынан бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү Программаларынын негизинде түзүлгөн.
Ошондой эле бул документти иштеп чыгууда жергиликтуу коомчулуктун ой-пикирлери, сунуштары изилденип, жергиликтуу кенештин депутаттары менен, айыл өкмөтүнүн аппаратында талкуулангандан кийин кабыл алынган. Кеңеш айыл өкмөтү 2017-жылдын октябрынан баштап USAID дин «Ийгиликтүү аймак» долбооруна кирип, жумушчу комииссиянын мүчөлөрү СТӨП төн приоритеттүү маселелерди бөлүп алышып кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгышкан, ошого таянып жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобону, Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону, КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобону угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобосу бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
3. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
4. КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
5. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо Кеңеш айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мамашарип уулу Дурусбекке милдеттендирилсин.
Тѳрага | Абдибает уулу М. |
|
|
Депутаттардын Кеңеш айылдык кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги 11-сессиясынын № 11-2- токтомуна № 1- тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
НООКАТ РАЙОНУ
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
1. Киришүү
Стратегия муниципалитеттин Туруктуу өнүгүүсүнүн Стратегиясынын (ТӨС) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө ТӨС да чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет.
Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
1. Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет.
2. ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Кеңеш айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
2. Стратегиянын максаттары жана милдеттери.
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясынын максаты – Кеңеш айыл аймагында жогорку сапаттагы жана азыраак чыгымдар менен кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын камсыздоо.