Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-сентябры №13-2
Айылдык кеңештин типтүү РЕГЛАМЕНТИН угуп жана талкуулап КРнын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайыкКеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык кеңешинин Регламенти жактырылсын жана бекитилсин.(регламент тиркелет)
2. Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо Кеңеш айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мамашарип уулу Дурусбекке милдеттендирилсин.
Тѳрага | Абдибает уулу М. |
|
|
| Депутаттардын Кеңеш айылдык кенешинин (6-чакырылышы) кезектеги 13-сессиясынын № 13-2- токтомуна № 1- тиркеме
|
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ
Бул Регламент айылдык кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган «Жергиликтүүөзалдынчабашкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН НЕГИЗГИ ИШТЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Кеңеш __________________________________айылдык кеңеши (мындан ары айылдык кеңеш) жашыруун добушберүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы камсызкылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Устав менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
1.3. Сессиялар,туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин ишимыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маслелерди кароого жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессияларында, «Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесиндебелгиленген ыйгарымукуктарды кошпогондо, төмөндөгүмаселелер чечилет:
1) айылдык кеңеш жөнүндө Жобону бекитүү;
2) айылдык кеңештин жылдык иш планынын бекитүү;
3) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;