Редакцияот 04.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2013-жылдын 04-январы №4

Жаңыжер айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза суунун жана сугат суунун абалын жана жер участкаларын берүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын арасында убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

 

Жаныжер айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза суунун жана сугат суунун абалын жана жер участкаларын берүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын арасында убактылуу комиссия түзүү үчүн Жаңыжер айылдык кеңешинин депутаты Эргешов Сулаймандын билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин депутаттарынын талкуусуна коюп Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жаңыжер айыл өкмөтүнүн аймагындагы таза суунун жана сугат суунун абалын жана жер участкаларын берүү үчүн айылдык кеңештин төмөнкү депутаттарынан турган убактылуу комиссия түзүлсүн.

2.    Эргешов Сулайман, Токтоназаров Жапар, Абдухамидов Дооран, Хидиралиев Рахманали, Калбеков Манас, Эрназаров Асрал, Жалилов Салим, Баянов Кубаныч.

 

Тѳрага

С. Эгембердиев