Редакцияот 21.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2013-жылдын 21-январы №8

Жаңыжер айылдык Кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө

 

Жаныжер айылдык Кеңештин депутаттарынын эффективдүү иш жүргүзүүсүн о.э. иш аракеттерин иреттештирүү максатында Жаңы Жер айылдык кеңешинин төрагасы Эгембердиев Саатбектин билдирүүсүн угуп, айылдык кеңештин депутаттарынын талкуусуна коюп Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жаңыжер айылдык кеңештин 2013-жылга карата түзүлгөн иш планы кабыл алынып, төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

2.    Депутаттардын сунушу менен иш пландагы жумуштар иретин же жайын өзгөртүүгө тийиш болуп, иш пландын аткарылышынын көзөмөлдөөсү Жаңы Жер айылдык кеңешинин төрагасы Эгембердиев Саатбекке жүктөлсүн.

 

Тѳрага

С. Эгембердиев