ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз сессиясы
2013-жылдын 21-январы №9
Жаңыжер айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жетекчиси Мурзабеков Пахридиндин арызы менен кайрылуусун угуу жөнүндө
Жайыт комитетинин жетекчиси Мурзабеков Пахридиндин бышуу жай (купка) долбоорунун аткарылышы жөнүндө арызын угуп, айылдык кеңештин депутаттарынын талкуусуна коюп Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин жетекчиси Мурзабеков Пахридиндин арызынында бышуу жайдын (купканы) долбоорун аткаруучуларына болгон нараазылыктары айылдык кеңештин депутаттары тарабынан талкууга алынып, төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
2. Жайыт комитетинин жетекчиси Мурзабеков Пахридин жана долбоордун аткаруучусу Гаипов Камалидиндин талаш-тартыш маселесин кароо Жаңы Жер айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча комиссиясынын төрагасы Токтоназаров Жапарга жүктөлсүн.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|