Редакцияот 21.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы

 

2013-жылдын 21-февралы №14

Жаңыжер айылдык кеңешинин айыл өкмөт тургундарына тамарка бөлүп берүү ачык-айкындыгын текшерүү үчүн түзүлгөн убактылуу комиссиясынын төрагасы Эргешов Сулаймандын отчетунун негизинде Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Усенов Абдразакка ишенбестик жарыялоо сунушу жөнүндө

 

Жаңыжер айылдык кеңешинин алкагында түзүлгөн айыл өкмөттүн тургундарына тамаркалар ачык – айкын таратылышын текшерүү үчүн түзүлгөн убактылуу комиссиясынын төрагасы Эргешов Сулаймандын отчетунун негизинде Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Усенов Абдразакка ишенбестик жарыялоо сунушун добушка койуп Жаңы жер айылдык кеңешинин депутаттарынын жашыруун түрдө добуш берүүнү 12 депутаты колдоп, Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жаныжер айылдык кеңешинин убактылуу комиссиясынын төрагасы Эргешов Сулаймандын тамаркалар ачык-айкын таратылышы боюнча отчетунун негизинде Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Усенов Абдразакка ишенбестик жарыялоо добуш берүүнө 21 депутаттан 18 депутат катышып, төмөндөгүдөй болуп аныкталсын.

1.    Ишенбестик көрсөткөндөр – 12 депутат

Ишеним көрсөткөндөр - 6 депутат

2.    Ишенбестик көрсөтүүнүн жыйынтыгы Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким – Арипов Т.Т.ке жөнөтүлсүн.

 

Тѳрага

С. Эгембердиев