Редакцияот 21.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы

 

2013-жылдын 21-февралы №16

Жаңыжер айыл өкмөтүнүн Жаштык айылынын тургундарынан оор жүк ташычуу автоунаалардын каттоосунан аталган айылдын үйлөрү жаракат алгандыгы жөнүндө катындагы маселелерин угуу жана бекитүү жөнүндө

 

Жаңыжер айылдык кеңешинин социалдык тармакты өнүктүрүү боюча комиссиясынын мүчөсү, депутат Козукулова Курбангүлдүн билдирүүсүн угуп Жаңы жер айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусуна коюп Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн Жаштык, Борбордук, Достук жана Арка айылдарынын ичинде күйүүчү май ташуучу оор автоунаалары каттоосуна тыйуу салынсын.

Аткаруу жагы Жаңы Жер айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

Тѳрага

С. Эгембердиев