Редакцияот 11.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2013-жылдын 11-марты №18

Жаңыжер айыл өкмөтүнүн эсебинде 2013-жылдын 1-январына калган акча каражаттарын сметасын бекитүү жөнүндө

 

Жаныжер айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-январына чыгымдалбай калган акча каражаттары боюнча финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мурадиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңыжер айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-январына бюджеттик аражаттар боюнча калган 334979 (үч жүз оттуз төрт миң тогуз жүз жетимиш тогуз) сом акча каражатынын сметасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

С. Эгембердиев