ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз сессиясы
2013-жылдын 11-марты №20
Жаңыжер айыл өкмөтүнүн Арка айылындагы жогорку тажик каналынын боюндагы отвод жерлер ижарага берүү жана Борбордук айылына караштуу Хожент – Канибадам трассасынын боюндагы жерлер ижарага берүү маселесин угуу жана бекитүү жөнүндө
Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн жер адиси Осмонов Авазбектин билдирүүсүн угуп, Жаңы жер айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусуна коюп Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылынан өткөн тажик каналынын боюндагы отвод жерлер тургундарга эгин эгүүгө ижарага берилсин.
2. Жаңы Жер айыл өкмөтүнө караштуу Борбордук айылына таандык болгон Хожент – Канибадам трассасынын боюндагы жерлер Борбордук айылынын тургундары тарабынан контейнерлерди коюп алуусун алдын алуу максатында, ошондой эле жолдун боюндагы көркү бузулуп кетүүсүн эске алып, 2013-жылы ижарага берилбесин.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|