ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы
2013-жылдын 03-апрели №27
Жаңыжер айыл өкмөтүнүн Арка айылынын “Аль Хидаят” мечитинин кайрылуусун карап алардагы көрсөтүлгөн маселелерди чечүү жөнүндө
Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылынын “Аль Хидаят” мечитинин кайрылуусун угуп, Жаңы жер айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусуна коюп Жаңыжер айылдык кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы Жер айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 5 мектеп директорлору менен айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Жумабаев С. тез аранын ичинде окуучулардын арасында ар кандай кечелерди уюштурууда моралдык-этикалык норма сакталышы жөнүндө сөз кылуу.
2. Аткаруу жагы айыл өкмөт милдеттендирилет.
Тѳрага | С. Эгембердиев |
|
|