Редакцияот 02.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2018-жылдын 02-марты №61

Өмүралиев айыл өкмөтүнүн балансында турган трактор ЮМЗ-6л үлгүсүндөгү эксковаторду сатуу үчүн көз карандысыз баалоо боюнча эксперттерге кайрылып, баасын чыгарып, сатуу максатында Өмүралиев айылдык кенешинин VII-чакырылышынын он экинчи кезексиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Өмүралиев айыл өкмөтүнүн балансында турган трактор ЮМЗ-6л үлгүсүндөгү эксковатор эксперттин баалоосунун негизинде сатылсын.

2.    Тиешелүү документтерди даярдап,сатыкка коюу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Тѳрага

У. Алмолдоев