Редакцияот 17.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Коргон айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы

 

2016-жылдын 17-февралы №21/5

Уч-Коргон айыл өкмөтунун Кунгой участкасындагы улуш жерлеринин суу төлөмдөрунун кайтарымы жөнундө

 

Уч-Коргон айыл өкмөтунун Какыр жана Разъезд айылдарына 1996-жылы улуш жер тилкелери бөлуштурулуп берилген, аталган суугат улуш жерлерине 1998-жылдан бери пайдаланып келе жаткан улуш ээлери суугат сууга болгон төлөмдөрун төлөбөй келе жаткандыктарын жана Уч-Коргон суу пайдалануучулар ассоцациясынын жетекчиси (СПА) Ф. Сайдуллаевдин билдируусун угуп жана талкуулап, Уч-Коргон айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Коргон суу пайдалануучулар ассоцациясынын жетекчиси Ф.Сайдуллаевдин билдируусу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.

2. Уч-Коргон айыл өкмөтунун Кунгой участкасындагы улуш жерлерди пайдалануучулардын cуугат сууга болгон төлөмдөрунун акыркы 5 (беш) жылдык төлөмдөрун төлөө жагы милдеттендирилсин.

3. Кунгой участкасындагы суугат суу пайдалануучулардын төлөмдөрунун эсебин жургузуу жагы Ф.Сайдуллаевге сунушталсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин баардык туруктуу комиссияларына жуктөлсун.

 

Тѳрага

И. Сарымсаков