КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин I чакырылышынын XXXXIV сессиясы
2015-жылдын 10-декабры № 44/7
Жийделик участкасындагы жана Чал-Таш айылындагы мазарлар үчүн жер аянтын жайыт жерлеринен калктуу конуштар категориясына которууга уруксат беруу жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын Жийделик участкасындагы жана Чал-Таш айылындагы мазарлар учун жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү 2015-жылдын 3-декабрындагы №1112 сандуу катынын негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясына Жийделик участкасындагы эски мазарга 2,0 га , жаны мазарга 1,0 га жер аянтын жана Чал-таш айылындагы жаны мазарга 2,0 га жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Кадамжай райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан мазарлар үчүн ажыратылган жер аянтын жайыт жерлеринен калктуу конуштар категориясына которуу иштерине жардам көрсөтүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Бегалиев |